• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Нарын шаарында "Хан-Тенгри Аква" жарым олимпиадалык бассейн курулат

Коом 0

Бишкек, 01.06.23./Кабар/. Нарын шаарында "Хан-Тенгри Аква" жарым олимпиадалык бассейн курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарым олимпиадалык бассейн жана ден соолукту чыңдоо борборун ишкер, "Хан-Тенгри" мейманкана жана ресторандар түйүнүнүн ээси Таалай Карпеков курат.

Белгиленгендей, акыркы үлгүдөгү, жашыл технологияны колдонуп, эл аралык стандарттар менен курулган бассейнде эң негизгиси суунун тазалыгын жана жылуулугун камсыздоо ыкмалары колдонулат.

Эс алуунун популярдуу ыкмаларын базасын камтыган бассейнде ден соолукту чыңдоочу, жуунуу, тамактануучу жайлар (массаж, туздуу блоктор, хамам мончосу, SPА- салону, кафетерий) болуп, заман талабына шайкеш шарттарды түзүү пландалууда.

Жарым олимпиадалык бассейндин узуну 25 метр, 5 жолдуу болуп, сууга сүзүү боюнча чоңдор жана балдар үчүн тренерлеринин сабактары уюштурулат. Күнүгө 200 адамга чейин кабыл алууга ыңгайлашат жана тейлөөчү адистер атайын окутулуп, даярдалат.

"Курулуштун 80 млн сомго бааланууда. Долбоорду 2023-жылдын июль айында башталып, 2024-жылы бүткөрүү пландалууда. Долбоор Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунун жана ишкердин жеке каражатына курулмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий