• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын шаарында коменданттык саатты бузган 12 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Нарын шаарында коменданттык саатты бузган 12 жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, Нарында милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

"Нарын шаарында жана Ат-Башыда түндө кылмыш иши катталган жок. Ал эми Нарын шаарында коменданттык саатты бузган 6 адам кармалган. Алардын бирөө мас абалында унаа башкарган. Ага 17,5 миң сом айып пул салынды. Дагы төрт жөө адам мас абалында кармалды. Ал эми Ат-Башыда 6 жаран коменданттык саатты бузган", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий