• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын шаарында коронавирусту аныктай турган көчмө лаборатория иштей баштады

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Нарын шаарында коронавирусту аныктай турган көчмө лаборатория иштей баштады. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облус аймагында COVID-19 илдетин жуктургандардын саны көбөйө баштагандан улам, аталган лаборатория облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жайгаштырылып, 23-апрелден баштап иштей баштады.

Штабдан кошумчалашкандай, учурда ал жерде 4 адис иштеп жатат, үчөө Бишкек шаарынан келген. Бул лабораторияда күнүнө 100 ПЧР-анализ чыгарганга мүмкүнчүлүк бар.

Белгилей кетсек, 26-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 17 учур аныкталып, ооругандардын саны 682ге жетти. Алардын ичинен 180ни медицина кызматкерлери. Стационарда 304 адам жатат, алардын ичинен алтоо реанимацияда. Ал эми 370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сегиз адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий