• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын шаарында “Кылмыштуулукка жол жок” аталыштагы жөө жүрүш өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-июнда Нарын облустук ички иштер башкармалыгы жана Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен жөө жүрүш уюштурулуп өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Нарын облустук милициясынын начальниги Алмазбек Жумабеков, шаарык бийлик өкүлдөрү, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, жалпы билим берүүчү орто мектептердин директорлору жана жогорку класстын окуучулары катышышты.

Бул жөө жүрүштүн максаты жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка, рекетчиликке, зордук-зомбулукка каршы жана ар кандай кылмыш кырсыктардан оолак болууга үндөө болуп саналат.

Иш-чарага катышкан бийлик өкүлдөрү мектеп окуучуларына акыл насааттары менен бөлүшүп, келечек муундарга дем, күч берип аларды сергек жашоого терең билим алууга жана туура кесип тандоого багыт берүү менен патриоттуулукка үндөп ынтымакка чакырып өтүштү.

“Ар бир бала мыйзам менен корголот демекчи ,биз сиздер менен ар дайым тыгыз иш алып барып биргеликте көптөгөн иш-чарларды өткөрүп келдик. Ошол эле учурда силердин коопсуздугуңар биздин көзөмөлдө болуп турду. Мына жакында жайкы эс алуу убагы келип баарыңыздар эс алууга тарап кетесиздер. Каникул убагында эч кандай мыйзам бузуучулукка жол бербей кылмыш кырсыктардан алыс болуп жакшы эс алып келиңиздер.Ал эми бүтүрүүчү класстын окуучулары алдыда боло турган экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, туура кесип тандап жогорку окуу жайлардын студенттери болуп, Теңир-Тоо эли сыймыктанган келечек ээлери болушуңуздарга тилектешмин”, - деди Жумабеков.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар тарабынан даярдалган флешмоб, көркөм окуулар жана патриоттук ырлар тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий