• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын шаарында муктаж болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылууда

Аймак 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Нарын шаарында муктаж болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратуу иштери улантылууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаевдин тапшырмасы менен алынып келинген көмүр отуну Нарын шаарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө таратылып жатат.

Социалдык жактан коргоо кызматы тарабынан аныкталган тизмеге ылайык, 27 муктаж үй-бүлөлөрдүн ар бирине 15 мүшөктөн көмүр таратылды.

Пикир

Оставить комментарий