• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын шаарында муктаждарга бекер көмүр таратуу улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Нарын шаарында муктаждарга бекер көмүр таратуу улантылууда, - деп билдирет президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун башчысы Сабыркул Ашимбаевдин тапшырмасы менен алынып келинген көмүр отуну Нарын шаарындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө таратылып жатат.

Социалдык жактан коргоо кызматы тарабынан аныкталган тизмеге ылайык 57 муктаж үй-бүлөлөрдүн ар бирине 15 мүшөктөн көмүр отуну таратылды.

Пикир

Оставить комментарий