• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын шаарында Ооган согушунун катышуучуларына арналган салтанаттуу митинг өттү

Аймак 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда Афган жергесинен Советтик жоокерлердин чыгарылгандыгынын 28 жылдыгы жана бул коогалаңда курман болгондорду эскерүү митинги Нарын шаарындагы Ж.Акималиев атындагы паркында белгиленди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.

Эскерүү митингине облус башчсы А.Кайыпов, шаар мэри Э.Алымкулов, шаардык Кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов, Нарын райондук мамлекеттик аскер кызматчадмистрциясынын башчысы Т.Жанбоев, афган согушунун ардагерлери, аскер кызматчылары, мекеме, ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышышты.

Эскерүү митингин шаар мэри Э.Алымкулов ачып,Афган ардагерлеринининтернационалдык милдетти аткаруудагыэрдиктери жана басып ɵткɵн жолдору тарыхта, ɵсүп келе жаткан муунга эч бир кайталангыс үлгү катары кала берерин белгилеп, арасы абдан эле суюлуп калган Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин ордун Афган согушунун ардагерлери басып, жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоодо биз үчүн зор күч болосуздар деген тилектештигин билдирип өттү.

Митингдин жүрүшүндɵ курман болгон жоокерлерге куран окулуп, гүл чамбарлар коюлду. Афган согушунда көрсөткөн эрдиги жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн айрым ардагерлер облус, шаар жана район жетекчилиги тарабынан Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда турган Афган согушунун 3 майыбына жана 40 катышуучусуна ар бирине 1000 (бир миң) сомдон, 1 курман болгон жоокердин үй-бүлөсүнө 3000 (үч миң) сомдон, бардыгы 44 адамга жалпысы 46 миң сом жергиликтүү бюджеттин социалдык жеңилдикке каралган акча каражатынын эсебинен материалдык жардам көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, биздин чакан шаарыбыздан эле согушка кеткен 90 дон ашык боордошторубуздун ичинен экɵɵ Афган жеринде курман болушуп, тогузу ɵз жерине келгенден кийин каза болушкан.

Пикир

Оставить комментарий