• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын шаарында Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун эстелиги орнотулат

Аймак 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Кечээ, 9-майда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев баштаган жетекчилер, аскер ардегерлери ССР Баатыры Дайыр Асановду эскерүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эскерүү иш-чарасынын алкагында Советтер Союзунун Баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Дайыр Асановдун эстелигин орнотуу үчүн айкелдин пайдубалына капсула салынды.

ССРдин Баатыры Д.Асановдун 100 жылдыгына жана Куралдуу күчтөрүнүн 30 жылдыгына карата ардагерлер кеңеши демилгелеп, №93546 аскер бөлүгүнүн алдындагы “Даңк” музейинин алдына айкелди орнотуу ишин башташты.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Дайыр Асанов 8 танкты, 6 зооттолгон машинаны жана 40тан ашуун автоматчыларды жок кылган. Анын бул эрдиги жогору бааланып, ушул эле жылы ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Ошондой эле ал Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград салгылашуусуна да катышкан.

ССРдин Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов 2009-жылдын 18-сентябрында 87 жаш курагында көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий