• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарын шаарында түндө коменданттык сааттын эрежесине баш ийбеген 6 тургун кармалды

Аймак 0


Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Нарын шаарында коменданттык саатта түндө көчөдө жүргөн 6 тургун кармалды. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев маалымдады.

Коменданттын билдирүүсүнө караганда, учурда Нарын облусундагы кырдаал туруктуу. Облус боюнча Кылмыштардын жаран жоруктардын бирдиктүү реестрине 13 кылмыш катталып, баарынын бети ачылган. Ал эми оор жана өтө оор кылыштар катталган эмес.

"Кармалган жарандардын бардыгына тиешелүү протокол түзүлүп, айып салынды. Ал эми сутка ичинде тактап айтканда, коменданттык саат убагында 21:00дөн 6:00гө чейин Ат-Башы району боюнча тартип бузуулар катталган жок", - дейт комендант Аалиев.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий