• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын шаарында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Нарын шаарындагы №9 А.Садыков атындагы орто мектебинин тардыгы, типтүү мектеп болбогону чоң көйгөй жаратып келген.

Нарын шаардык мэриясынан билдиргендей, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасовдун аракети менен 375 орундуу мектеп республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен 141,5 млн сом каралып, бүгүн капсула салуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев жана депутаттары, мэр Канболот Тутуев жана башка мекеме жетекчилери катышты.

Белгиленгендей, курулуш иштерин "Илек строй" ЖЧК жүргүзүот жана депутаттар жана эл курулуштун сапатын көзөмөлдөп турат.

Пикир

Оставить комментарий