• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Нарын шаарында жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынды

Аймак 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Нарын шаардык штабынын кезектеги отуруму өтүп, анда акыркы эпидемиологиялык кырдаал талкууга алынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Нарын шаарында кырдаал туруктуу. Коронавирус жана пневмония оорулары дагы деле катталууда, буга ылайык бир катар чектөөлөр күчүндө калтырылат.

Шаардык штабдын чечимдери:

- жаны жылдык кечелер уюштурулбайт;

- 50 ашык орундуу кафе-ресторандар иштебейт;

- банктар банкоматтардагы кезектерди жөнгө салып,санитардык талаптарды аткарууга тийиш;

- орто мектептерде класстарды желдетүү, нымдуу тазалоо, байланышсыз санитайзерлер жетиштүү коюлушу шарт;

- мектептерде сабактардын ийкемдүү жүгүртмөсү толук аткарылышы керек;

- базар жана ири соода түйүндөрү санитардык тазалоо күндөрүндө тазалоону талаптагыдай аткарууга тийиш;

- медицина кызматкерлери, койкалар жана дары-дармектер жетиштүү камсыздалышы керек.

Нарын шаардык мэриясы комиссиялык текшерүүлөрдү күчөтө тургандыгын билдирет жана белгиленген нормаларды аткарбаган тараптарга айып салына тургандыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий