• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын шаарында жеңилдетилген насыянын жардамы менен медициналык борбор курулат

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Нарын шаарында өкмөт тарабынан берилген 6 пайыздык жеңилдетилген насыянын жардамы менен медициналык борбор курулат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда ал үчүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жакын аймактан жер аянты сатылып алынып, курулушту баштоо жумуштары жүрүп жатат.

Курула турган медициналык борбор 3 кабаттан туруп, дартты аныктоочу лабораториялар, жабдуулар коюлат. Дарыгерлердин бөлмөлөрүнөн сырткары бейтаптарды жаткырып дарылоочу 24 орундуу заманбап медициналык жай болот.

Борбордун жалпы сметалык баасы 37 миллион сомду түзүп, 17,5 миллион сому мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя катары 2019-жылдын декабрь айында каржыланган.

Айта кетсек, медициналык борбордун курулушу, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Нарын облусунда 72 миллион сомго каржылана турган 20 долбоордун ичине кирет.

Пикир

Оставить комментарий