• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын шаарында Жеңиш күнүнө карата жүрүш өттү

Аймак 0

Бишкек, 9-май /Кабар/. Бүгүн, 9-май күнү Нарын шаарындагы Улуу Жеӊиштин 72 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара “Улуу Жеңишке 70 жыл” багындагы өчпөс отко ардагерлердин, жетекчилердин гүл чамбарларды коюусу менен башталды.

Майрам Тянь-Шань паркына чейин “Ѳлбөс полк” жүрүшү менен коштолду. Анда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери унаа менен, облус, шаар башчылары, шаар тургундары, окуучулар бул күндүн урматына согушка катышкан чоң аталарынын сүрөттөрү менен митинг өтүүчү “Тянь-Шань” паркына чейин жүрүш жасашты.

Пикир

Оставить комментарий