• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын шаарындагы борбордук базар дезинфекцияланууда

Аймак 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-июнда Нарын шаарындагы борбордук базар бир күнгө жабылып, дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, коронавирусту болтурбоо жана алдын алуу максатында бул чечим кабыл алынып, ички көчөлөрдү дезинфекциялоо иштерин шаар бийлиги колго алса, андагы соодагерлерге ар бири өз аймагын жууп-тазалап, иретке келтирүү иштерин жүргүзүү тапшырылган.

Эске салсак, борбордук базар жума ичинде бир күнгө гана жабылат. Калган күндөрү кадимки тартип менен иштей берет.

Белгилей кетсек, бүгүн Ош шаарындагы базарлар да бир күнгө жабылып, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий