• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Нарын шаарындагы көп балалуу энелер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Нарын шаарындагы көп балалуу энелер сыйланды, - деп билдирет Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22- майда Нарын шаардык кеңешинин депутаттары Нарын шаардык мэриясынын жана кеңешинин атынан калаадагы “Баатыр энелерди” куттукташкан.

Энелер күнүнө карата президенттин Жарлыгы менен Нарын шаарында 12 көп балалуу эне “Баатыр эне” ордени жана 6 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланган.

Кеңештин депутаттары энелерге президент С. Жээнбековдун сыйлыгын тапшырып, жакшы тилектерди айтышкан. Ошондой эле майрам ээлерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган чакан белектерин ыйгарышты.

"Нарын шаардык мэриясынын жетекчилиги менен кызматкерлерлери коронавирус инфекциясына байланыштуу үй карантинине алынгандыктан, алардын ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары барып сыйлыктарды жана белектерди тапшырышты", - деп кошумчалашты мэриянын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий