• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтты оңдоого 20 млн сом бөлүндү

Аймак 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Нарын шаарынын борборундагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтты оңдоого өкмөт 20 млн сом бөлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди.

Анын айтымында, долбоор боюнча аянтта Т. Усубалиевдин эстелигин орнотуу каралган.

"Эстеликти ишкер Ж. Салымбеков өз каражатына даярдаттырды. Аны менен катар аянтта флагшток орнотулуп, эки фонтан салынат. Эсеп боюнча долбоордун баасы 25 млн сомду түзүүдө. Оңдоо иштери боюнча тендер жарыяладык", - деди ал.

Ал белгилегендей, тендерди уткан компания белгилүү болгондон кийин жумуштар башталып, аны 2-3 ай ичинде бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий