• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нарын шаарынын башкы планы бекитилди

Аймак 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура боюнча долбоорлоо институту турабынан даярдалган Нарын шаарынын башкы планы бекитилди.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, калктуу конуштун техникалык документин иштеп чыгуу үчүн негизги 2-этапта жумуш алып барылып топо, аэросьемкалары алынган.

"Башкы план үчүн республикалык бюджеттен 5 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 2 млн сом жана демөөрчүлүк кылган Борбор Азия университети тарабынан 4, 5 млн сом жумшалды", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан кошумчалашкандай, эл аралык консультанттар менен да биргеликте иш жүргүзүлүп, шаардын аймагы жана шаарга жакын аймактарга изилдөө жүргүзүлүп, башкы планга түшүрүлдү. Жер катмарларына да изилдөө жүрүп, зоналар аныкталып, белгиленген.

Шаардын башкы картасына шаар курууну пландаштыруу, өнүктүрүү, реконструкциялоо, өнөр жайга жана башка курулуштар, археологиялык изилдөө, инвестиция кылууга ыңгайлуу жана кооптуу зоналары аныкталып киргизилген.

Ошондой эле коммуналдык чарба кызматтары үчүн да тийиштүү маалыматтар көрсөтүлгөндүгү муниципалдык менчиктеги жер менен жеке менчиктин, кɵчɵлɵр менен тротуарлардын, соода күркɵлɵрү менен жолдун ортосундагы кызыл сызыктар деталдуу белгиленген.

Жаңы кабыл алынуучу башкы план Нарын шаарынын биринчи планы жана ал 2040-жылга чейинки мезгилди камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий