• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын шаарынын башкы планынын концепциясы иштелип чыкты

Аймак 0

Бишкек, 20-апрель /Кабар/. Кечээ, 2017-жылдын 19-апрелинде, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов жана Ага Хан өнүктүрүү фондунун коомчулук менен байланыш жана программалар боюнча кызматкери Альтааф Хашан, маданият боюнча Ага Хан Трастынын архитектура жана курулуш адистери менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Нарын шаарынын генералдык планы талкууланды. Фонддун өкүлү Альтааф Хашан облус башчысы жана шаар жетекчилиги менен тыгыз байланышуунун негизинде бир нече иштер аткарылганын айтып, долбоорлор боюнча кеңири маалымат берүү үчүн келгендигин билдирди.

А.Кайыпов аталган фонд Нарын облусуна барандуу салым кошуп келе жатканын белгилеп, аларга ыраазычылыгын билдирди. «2014-жылда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Нарын шаарында диагностикалык борбор, паркты кайра куруу жана шаардын генералдык планын иштеп чыгуу макулдашылган. 2016-жылы диагностикалык борбор, смарт-парк ишке берилди. Ал эми Борбордук Азия Университети ханзаада Карим Ага Хан IV жана премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда ачылыш аземи өтүп, бүгүнкү күндө студенттерди окутуп жатат. Алдыда шаардын генпланын иштеп чыгуу негизги маселе катары турууда»,-деди облус башчы.

Маданият боюнча Ага Хан Трастынын архитектура жана курулуш адистери Нарын шаарынын башкы планынын концепциясын тааныштырды. Анда шаардын географиялык жайгашуусун, жаратылышы жана кооздугу эске алынганы маалымдалды. Фонддун өкүлү башкы пландын концепциясын иштеп чыгууда жергиликтүү шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жана мамлекеттик каттоо кызматынын жардамы менен Нарын шаарынын жашоо-шарты, абалы боюнча көбүрөөк маалымат топтолуп, анализ жасалганын айтты.

Негизгиси, шаардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн, курулуштардын мыйзам ченемдүүлүгүн сактоо, жер ресурстарын туура жана максаттуу пайдалануу зарыл экенин белгилеп, сунуштарын айтышты.

«А.Кайыпов Нарын шаарынын мэриясы жана Нарын шаардык кеңеши тарабынан жергиликтүү бюджеттен 2 млн сом бөлүнгөнүн билдирип, жакын арада фонд менен биргеликте башкы планды иштеп чыгуу үчүн кесипкөй адистерден турган жумушчу топ түзүүнү сунуштады», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий