• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын шаарынын биринчи вице-мэри коронавирус жуктуруп алды – мэрия

Аймак 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Нарында шаарынын биринчи вице-мэри коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"18-майда, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Нарын шаарынын биринчи вице-мэри COVID-19 вирусун жуктуруп алганы аныкталып, изоляцияга дарыланууга жаткырылды. Буга байланыштуу Нарын шаардык мэриясынын имараты карантинге жабылып, жетекчилиги жана кызматкерлери аралыктан иштешүүдө", - деп билдирет Нарын шаарынын мэриясы.

Мэриядан белгилешкендей, биринчи-вице-мэр менен байланышта болгондордун баары аныкталып, алардан анализ алынды.

Пикир

Оставить комментарий