• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын шаарынын күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 16.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда Нарын шаарынын күнү белгиленди. Облус борборунун 149 жылдыгы менен шаардыктарды Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов куттуктады. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

«Ала-Тоо» стадионунда өткөн майрамдык салтанатты Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ачып, меймандарга сөз берилди.

Сөз кезегинде А.Кайыпов тоо койнундагы шаардын маани-маңызын белгилеп, шаар элинин саны жылдан жылга өсүп жатканына байланыштуу акыркы жылдарда социалдык объектилерди куруу, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, жашылдандыруу-көрктөндүрүү боюнча аткарылган иштерге токтолду.

«Тоо койнундагы шаарыбыз 10 жыл мурун эле шаар аталганы менен чоң кыштакка окшош эле. Акыркы жылдары максаттуу кадамдарды таштап, жапа тырмак шаарды ирээтке келтирип, жолдорду оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, имараттардын көрүнүшүн ирээтке келтирүү, эс алуу парктарын уюштуруу, бак-дарактарды отургузуу жана башка иштер аткарылды»,-деди облус башчы.

А.Кайыпов республикада биринчилерден болуп Нарын шаарында 60 батирлүү 5 кабаттуу үй салынып баштаганын билдирип, аны менен катар жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Нарын шаарындагы кызматкерлерине, чек ара кызматынын кызматкерлерине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы кызматкерлерине көп кабаттуу үйлөрдүн курулуштары жүрүп жатканын айтты. Ошондой эле таза шаар аталган Нарынды камкордукка алууга, аны көздүн карегиндей сактоого жалпы эл милдеттүү экенин белгилеп, сөзүнүн акырында салтанаттын катышуучуларына Нарын шаарына арналган ыр саптарын окуп берди.

Иш чаранын жүрүшүндө оюн-зоок программанын коштоосунда улуттук тамак-аштардын, уз, усталардын кол эмгектеринин жарманкеси, боз үйлөрдүн сынагы, улуттук буюмдардын жана тамак-ашты жасоо мастер-класстары, сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү. Ошондой эле облус башчы шаар бийлиги менен биргеликте жергиликтүү бюджеттин эсебинен салынган «Городок» аймагындагы «Жаштар скверинин», шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын 5-чи «Батыш» чөлкөмүндөгү кеңсесинин жана Нурбек Ташболот уулунун демөөрчүлүгү менен курулган футбол аянтынын ачылыш аземине катышты.

Жалпы шаар элине майрамдык маанай тартуулоо максатында 5 чөлкөмдө уюштурулган улуттук каада-салттарды чагылдырган сынактардын жүрүшү менен таанышып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине катышты.

Маалымдама: Нарын шаары 1868-жылы негизделген. Облустун административдик борбору деңиз деңгээлинен 2050 м бийиктикте жайгашып, жалпы аянты 5040 га ээлейт. Учурда Нарын шаарында 40 миңге чукул калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий