• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын шаарынын күнү белгиленет

Аймак 0

БИШКЕК, 21.08.17. /Кабар/. Нарын шаарынын күнүнө карата шаардын бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

2017-жылдын 16-сентябрь күнү шаарыбыздын 5 аймагынын жашоочуларынын жана ошол аймакта жайгашкан мекеме, ишканалардын катышуусунда, сейил бактарда улуттук каада-салттарды чагылдыруу боюнча сынак, тамак-аштардын, кол өнөрчүлүктүн көргөзмөлөрү, боз үйлөрдүн сынагы жана башка оюн-зоок программалар уюштурулат.

Мындан сырткары, Нарын шаарынын 149 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 2014-2017-жылдарга Нарын шаарын өнүктүрүүнүн “Жол картасынын” жыйынтыктары боюнча семинар жана улуттук буюм-тайымдардын жасалышын, тамак-аштардын даярдалышын көрсөткөн мастер класстар, улуттук музыкалык аспаптардын көргөзмөсү, “Тоо койнундагы шаар” аталыштагы сүрөт көргөзмөсү жана башка кызыктуу иш-чаралар менен коштолгон “Нукура” фестиваль өтөт.

Ал эми иш-чаранын жабылышы кечки саат 18-00дө борбордук “Ала-Тоо” стадионунда өтүп, анда чөлкөмдөрдөгү сынактын жыйынтыгы чыгарылып, белгилүү ырчылардын катышуусунда чоң программадагы майрамдык концерт тартууланат.

Учурда Нарын шаардык мэриясы жана чөлкөмдөр тарабынан иш чараны жогорку деңгээлде белгилөө үчүн кызуу даярдыктар жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий