• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын шаарынын мектептери акыркы коңгуроону белгилешти

Аймак 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. Бүгүн 25-майда, Нарын шаарынын бардык орто мектептеринде «Акыркы коӊкуроо» салтанаты белгиленди. Бул күнү шаар мэри Эмилбек Алымкулов М.Сыдыков атындагы №7 орто мектептин салтанаттуу аземине катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш чаранын жүрүшүндɵ шаар мэри окуу жылдын ийгиликтүү аякташы менен мугалимдердин жалпы жамаатын, окуучуларды, ата-энелерди, бүтүрүүчүлɵрдү куттуктады. “Биз улуулар, силерге каалоо-тилектерибизди билдирүү менен бирге акыл-насаатыбызды айтып, турмуш жолуңарга багыт берип, жакшы сөзүбүздү айтып кетүүгө милдеттүүбүз. Каалаган ой-максаттарыңар ишке ашсын, элибиз-жерибиз, мамлекетибиз үчүн ак кызмат өтөгөн атактуу инсандардан болгула” , - деп Э.Алымкулов бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.

Ошондой эле, окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн № 7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин беш окуучусуна бир миӊ сомдон мэрдин стипендиясы тапшырылды.

Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылында аталган мектептин 2 окуучусу А.Джаанбаева жана К. Медетбекова “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушту.

Мындан сырткары, салтанатта мектеп директору үстүбүздɵгү окуу жылдын ичинде мектептин жетишкен ийгиликтерине кенен токтолуп, окуучулардын ар кандай сынактарга барып келүүсүнɵ материалдык жардам кɵрсɵтүп жаткан Нарын шаардык мэриясына ыраазычылык билдирди.

«Акыркы коӊгуроо» аземи окуучулардын ыр, бийлери менен коштолуп, мектепти 20, 10 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлɵрдүн куттуктоолору менен улантылды.

Нарын шаарында быйылкы окуу жылында жалпы орто билим берүүчү мектептерде 11-классты аяктап жаткан окуучулардын саны - 403, ал эми 9-классты 576 окуучу аяктоодо. Окуу жылдын жыйынтыгы менен 37 окуучу мэрдин стипендиясына татыктуу болушса, олимпиадада окуучулары алдыӊкы орундарды камсыз кылган 21 мугалимге акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий