• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарын шаарынын мэри: Дезинфекциялоо иштери боюнча маселе жок

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Нарын шаарында дезинфекциялоо иштери уланууда, - деп билдирди брифингдин жүрүшүндө Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров.

Анын маалыматына караганда, дезинфекциялоо иштери боюнча атайын ӨКМдин облустагы башкармалыгы менен биргеликте хлор маселеси чечилген.

"Эки автоунаа даярдалган. Бирөө ӨКМдики, ал эми экинчиси "Таза Нарын" ишканасыныкы. Атайын дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү боюнча маршрут түзүлгөн. Андан тышкары, ыктыярчылар менен биргеликте көп кабаттуу үйлөрдү дезинфекциялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул багытта маселе жок", - деп кошумчалады калаа башчысы.

Пикир

Оставить комментарий