• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов согуштун ардагерлерин куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 9-май /Кабар. Улуу Жеӊиш күнүн утурлай, 8-майда, Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов салтка айланып калгандай, согуштун ардагерлери 94 жаштагы Т.Токтомушевдин жана 96 жаштагы К.Абдиевдин үйлɵрүн кыдырып, жылуу сɵздɵрүн, каалоо тилектерин айтуу менен бирге, ак калпак кийгизип, материалдык колдоо көрсөтүү максатында 3 миң сомдон акча каражатын тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Ѳз кезегинде ардагерлер орден, медаль толо тагылган костюмдарын кийип, шаар жетекчилигинин дал ушул күнү адаттагыдай келүүсүн сезгенсип, үй-бүлɵсү, бала-бакыралары менен толкунданып кабыл алышты.

Согуш маалындагы жашоону кɵз алдына элестеткен аталарыбыз, Жеңиштин баасын жана бул тынч күндүн баркын ɵсүп келе жаткан муунга айтпай кетүү мүмкүн эместигин белгилешип, алакан жайып, ак батасын беришип, тереӊ ыраазычылыктарын билдиришти.

Ал эми мэр, ансыз да күндɵн күнгɵ арабыздан саны суюлуп бараткан, бизге тынчтык жашоону алып келген ардактуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чың ден соолук, кажыбас кайрат жана узак ɵмүр сүрүүлɵрүн каалады.

Белгилей кетсек, Нарын шаарында учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 2 ардагери бар.

Пикир

Оставить комментарий