• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын шаарынын мэри отставкага кетти

Кадр саясаты 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков отставкага кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Урматтуу Нарын шаарынын депутаттары, тургундары! Сиздердин ишенимиңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Аз болсо да, 3 ай ичинде болгон күч аракетимди Нарын шаарынын жашоосун ыңгайлуу болушуна колуман келген аракетимди жумшадым. 100 күндүк ишим тууралуу отчет тапшырдым.

Тилекке каршы, акыркы жагдайга карата моралдык тараптан кызматымда калуу туура эмес деп ойлойм.

Мындан ары дагы Нарын шаарынын өркүндөшүнө колуман келген аракетимди жумшайм деп ишендире кетем", - деп билдирүү калтырган Болотбеков.

Эске сала кетсек, УКМК 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоо учурунда алдамчылык кылуу фактысы боюнча Нарын шаарынын мэрин кармаган.

Кийинчерээк Болотбеков Башкы прокуратуранын прокурорунун өтүнүчү менен тышка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотулгандыгын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий