• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Нарын мэри ички инвесторлор менен жолугуп, шаарды көрктөндүрүү багытында талкуу өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев шаардын инфраструктарсын жакшыртуу максатында ички инвесторлор менен жолугушуу өткөрүп, шаарды көрктөндүрүү багытында талкуу өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Канболот Тутуев шаар жергесин кыдырып чыгып, жасалуучу жумуштардын арбын экендигин белгилөө менен жергиликтүү ишкерлерди инвестиция салууга чакырды.

Шаар башчысы учурда Москва чөлкөмүнө веложол салынарын, таштанды челектер жаңыртылып, көп санда орнотулуп, отургучтар орнотуларын, жашылдандыруу иштеринде буга чейин колдонулбаган тажрыйбаларды колдонуу менен декоративдик мажевиктерди, көк карагайларды отургузуу пландалып жаткандыгын, ички арык системалары жакшыртыларын айтты.

Ошол эле учурда Ош шаары менен достук мамиледе иш алып барууну сүйлөшкөнүн маалымдап, Ош шаарынын мэри 1000 даана мажевик көчөтүн бере тургандыгын, мындан тышкары Кара- Кулжа районунан дагы 500 даана мажевиктин көчөтүн алып келүү аракеттери көрүлүп жаткандыгын айтты. Ошондой эле Нарын райондук токой чарбасы тарабынан көчөттөрдү алуу боюнча чарба башчысы менен сүйлөшүлгөндүгүн маалымдады.

Мэр Канболот Тутуев жергиликтүү ишкерлер да Нарын шаарынын өнүктүрүүгө колдон келген колдоолорун көрсөтүп жаткандыктарын белгилеп, ыраазычылыгын айтып, тыгыз байланышта иш алып барууга кызыкдар экендигин билдирип, өзү да каржылык демөөрчүлүк кыларын убадалады.

Пикир

Оставить комментарий