• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын шаарынын мугалими Пушкин эл аралык сынагынын жеңүүчүсү болду

Аймак 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Нарын шаарынын мугалими Анаргүл Жолдубаева Пушкин эл аралык сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жыл сайын өткөрүлүп турчу Пушкин эл аралык сынагына Нарын шаарынын М.Сыдыков атындагы №9 орто мектебинин мугалим Анаргүл Жолдубаева катышкан.

Жолдубаева “Русский онлайн в пандемию: испытание или шанс?" темасына өткөрүлгөн сынакта алдыңкы үч орундукка кирген.

“Пандемия учурундагы сабактарды жаңы технологиялар менен онлайн ошол эле учурда кызыктуу өткөндү үйрөндүм. 19-23-декабрда Москва шаарында жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду. 40 өлкөдөн 125 киши катыштык. Мен диплом, андан сырткары, 20 миң сомдон акчалай сыйлык”, - дейт Жолдубаева.

Пикир

Оставить комментарий