• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарын: Шайлоо участкаларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 22.09.20./Кабар/. Нарында шайлоо участкаларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Бирлик айылындагы №4025 Шайлоо участкасында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча шайлоо участканын кызматкерлерине жеринен нускамалар өткөрүлдү.

Иш-чара Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан аймактардагы шайлоо участкаларында улантылып жатат.

Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров тарабынан алдыдагы боло турган шайлоого карата жер-жерлердеги шайлоо участкаларында өрт коопсуздугун алдын алуу багытындагы иштерди күчөтүү тапшырмасы коюлган.

Пикир

Оставить комментарий