• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын: Сооронбай Жээнбеков элдик президент болот!

Шайлоо 2017 0

КСДПнын президентикке талапкери Сооронбай Жээнбеков Нарын шаарында облус борборунун жана Нарын районунун шайлоочулары менен жолугуп, программасы менен тааныштырды. Теӊир-Тоолуктарга айрыкча анын айыл чарбасын, элет элинин турмушун жакшы билгендиги жакты.

Уланбек Абдраимакунов, район тургуну:

- Сооронбай Жээнбековдун программасында элдин, ɵлкɵнүн кызыкчылыгындагы кɵп жакшы нерселер бар экен. Бүгүнкү иштер улана турганы айтылыптыр. Айылдын тургуну катары келечектеги президенттин айыл чарба, кайра иштетүү тармагын кɵтɵрүүгɵ ɵзгɵчɵ кɵңүл бурушун каалайм. Себеби, аймактардын потенциалы толук иштетилбей, ɵздɵштүрүлбɵй жатат. Эл эмне ɵстүрɵрүн билбей, ɵстүргɵндɵрүн сата албай кыйналууда.

Дагы бир маселе, жаңы президент кадрлардын жаңылануусуна кɵңүл бурса. 20 жылдан бери иштеп аткандар эле жүрүшɵт. Жебеген, уурдабаган, колдорунан иш келген кесипкɵй адамдарды мамлекеттик башкаруу иштерине тартса дейм.

Бурул Алманбетова, шаар тургуну:

- Алдыдагы шайлоодо Сооронбай Жээнбековго добуш берем. Президент болуп калса, айылдагы жаштарга кɵбүрɵɵк кɵңүл бурушун каалайт элем. Анткени, шаар жеринде жаштардын эс алып, билимин ɵркүндɵтүп, саламаттыгын чыңдоо үчүн шарттар бар. Ошол үчүн айылдарда эс алуу жайлары, кошумча билим берүү мекемелери курулса. Болбосо, аймактардагы билим берүүнүн сапаты, деңгээли тɵмɵн болуп жатпайбы.

Анан жеткиликтүү турак-жай долбоорун Нарын шаарында да ишке ашырса жакшы болот эле. Себеби, жаңы турмуш курушкан жаштар турак-жайлары жок кыйналып жатышат. Жашайлы десе кɵп кабаттуу турак-жайлар жок, там салалы десе жер тилкелери жок. Ушул маселе Нарында курч. Мындан сырткары, жаңы ишканаларды ачып, жаштарды жумуш орундары менен камсыз кылуу керек. Нарында жумушсуз жүргɵн жаштар кɵп.

Венера Бугубаева, шаар тургуну:

- Сооронбай Жээнбеков башка талапкерлерден айырмаланып, жɵнɵкɵй, элге жакын, элдин каалоосун, кɵйгɵйлɵрүн жакшы билген, алардын муктаждыктарын чечкенди билген инсан экен. Бул киши президент болсо, бат-баттан элге чыгып, алардын кɵйгɵйлɵрү менен жеринен таанышып, муктаждыктарын угуп, ошого жараша иш алып барган, чечимдерди кабыл алган ɵлкɵ башчысы болушун каалайм.

Чолпонбүбү Дүйшɵнбаева, район тургуну:

- Менин каалаганым эле, болочоктогу президент карапайым элдин кɵйгɵйлɵрүн кɵбүрɵɵк укса. Анткени, кɵп учурда элдин кɵйгɵйлɵрү, айыл жериндеги курч маселелер президентке жетпей калат. Же ага баары жакшы деп отчет беришет. Президентке жазган катты бери жактагылар жеткирбей коюшат. Натыйжада президент менен элдин байланышы жок болуп калат. Ошондуктан президент бат-баттан айылдарга келип, эл менен тике баарлашса, туура маалыматтарды алмак. Же болбосо президенттин ар бир райондо ɵзүнɵ гана баш ийген ишенимдүү ɵкүлдɵрү иш алып барып, алар президентке кɵйгɵйдү кандай болсо ошондой жеткирип турса, ошондо айылдыктардын кɵптɵгɵн маселери оң жагына чечиле баштамак.

Сооронбай Жээнбековдун президент болуп калса аткарчу иш-пландары, максаттары жакшы экен. Мен анын ɵлкɵ башчылыгына келип, айткандарынын баарын аткарышына тилектешмин.

Турсун Кадыркулова, район тургуну:

- Сооронбай Жээнбеков азыркыга чейин узак жол басыптыр, ɵзү да карапайым, жупуну адам экен. Атамбаев баштаган иштерди улантып, ɵлкɵдɵ стабилдүүлүктү камсыз кылуу үстүндɵ иш алып бара турганын айтып атат. Чынында эле азыр туруктуулук, тынчтык баарынан маанилүү да. Кыргызстанда мындан ары да тынчтык болсун деп Жээнбековго добушумду берүүнү чечтим.

Бүбүбатма Курманалиева, шаар тургуну, Баатыр Эне:

- Сооронбай Жээнбековдун басып ɵткɵн жолу, адам катары жɵнɵкɵйлүгү, мамлекеттик ишмер катары тазалыгы, калыстыгы жагат. Менимче, ɵлкɵ башына дал ушундай адам келсе жаман болбойт. Кааларым, азыр ɵлкɵбүздɵ, айрыкча айыл жерлеринде үйлɵрү жок жаш үй-бүлɵлɵр кɵп. Ошолор үчүн кɵп кабаттуу турак-жайларды курууга ɵзгɵчɵ кɵңүл бурса. Жеткиликтүү, пайызы тɵмɵн ипотекалык кредит саясатын жүргүзсɵ, миңдегендердин турак-жай кɵйгɵйлɵрү чечилет эле.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к. 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 18.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий