• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын: Учкун айылында сел өтүүчү каналга өткөлдөр орнотулууда

Аймак 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Учкун айылына сел өтүүчү каналга өткөлдөр орнотулууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин 2020-жылдагы "атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" иш мерчеми менен бекитилген планына ылайык Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айыл аймагынын Учкун айылында сел өтүүчү каналга өткөлдөр орнотулууда. Министрлик тарабынан 8 даана өткөл, ал эми жергиликтүү бийликтен атайын техникалар бөлүнүп берилген. Иш-чара 25-августта башталган.

Жыйынтыгында 10 турак жай жана бир нече кожолуктар, ички жолдор корголмокчу.

Пикир

Оставить комментарий