• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарында эл аралык инвестициялык форум өттү

Аймак 0

БИШКЕК, 22.08.17. /Кабар/. 2017-жылдын 21-августунда Нарын облусунун Нарын шаарында «Нарын – Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн!» аттуу V Эл аралык инвестициялык форум өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Форумга Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын, Тажикстан, Казакстан, Кытай Эл Республикасынан өкүлдөр, Кыргызстандагы Эл аралык уюмдардын, бизнес-ассоциациялардын жетекчилери катышты.

Иш чараны Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов ачып, форумдун жүрүшүнө ийгилик каалоо менен бирге тоолуу аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, кызматташууга чакырды.

Куттуктоо сөзү Кытай Эл Республикасынын Кашкар округунун партком секретарынын орун басары Хэ Юйга берилип, ал кыргыз-кытай арасындагы тыгыз мамилелерге токтолуп, Кыргызстанга жакын жайгашкан СУАРда өнүгүү тез болуп жатканын белгиледи. Ал эми Кашкар шаарында түзүлгөн Эркин экономикалык аймактын өткөн жылдардагы инвестициялык форумда «Нарын ЭЭА» менен түзүлгөн кызматташуусу аркылуу соода-экономикалык көпүрө түзүлүп жатканын белгилеп өттү. Беларусь Республикасынын Могилёв шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Александр Потемкин сөз кезегинде Могилев шаары менен Нарын шаары 5 жылдан бери партнер шаарлар катары тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүп жатканын маалымдап, мындан аркы кызматташууну бекемдөө тилегин билдирди.

Андан соң презентацияларга кезек берилип, «Таза коом» жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу долбоорлору тааныштырылды. Иш чаранын жүрүшүндө БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Эркинбек Касыбеков, Кыргыз Республикасындагы Ага Хан өнүктүрүү тармагынын башчысы Шамш Кассим-Лакха, «Хьюмэн Эппиэл Интернейшнл» эл аралык уюмунун президенти Али Айоубдун куттуктоосунан кийин долбоорлордун талкуусу өттү.

Кийинки презентациялар Нарын облусундагы долбоорлорго багытталды. Учурда техника-экономикалык негиздемелери даярдалып жаткан жана инвесторлор менен сүйлөшүү стадиясында турган ири долбоорлор болуп эсептелген Ат-Башы районундагы индустриалдык-логистикалык борборунун курулушу боюнча «Нарын» ЭЭАнын директору Гүлзат Абдырасулова, «Кочкор районунда картофель сактоочу логистикалык борбордун курулушу» тууралуу «Кочкор логистик» кооперативинин жетекчиси Темирбек Шабданалиев, ошондой эле ««Шалбар» ЖЧКсынын тигүү ишмердүүлүгүнүң кеңейтилиши боюнча» аталган ишкананын директору Ырысбек Таштанбеков презентация өткөрдү.

Москва шаарындагы Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын президенти Кубанычбек Осмонбеков, Россия-кыргыз ишкердик кеңешинин директору Данияр Акказиев, Россиядагы мигранттар федерациясынын президенти Вадим Кожанов куттуктоо сөзү берилген соң долбоорлорду талкуулоо өткөрүлдү.

«Нарын – Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн!» аттуу форумдун жыйынтыгында жалпы 110 млн сомдук инвестиция тартуу боюнча 2 меморандумга кол коюлду:

1. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана КР «Шелковый путь» ЖЧКсынын соода-экономикалык кызматташтыгы аркылуу 60 млн сомго бут кийим тигүүчү ишкананы кеңейтүү жана байпак продукциясын өндүрүү;

2. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана «Кипарис» ЖЧКсы менен кызматташытыгы аркылуу 50 млн сомдук бут кийим чыгаруучу ишкана түзүү.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан уюштурулуп жаткан инвестициялык форум 2012-жылдан баштап өткөрүлүүдө. Форумдун максаты - Нарын облусунун жана Нарын ЭЭАнын оң имиджин эл аралык деңгээлде калыптандыруу, Нарын облусунда экономикалык реформалардын стратегиясын ишке ашыруу боюнча практикалык кадамдарды презентациялоо, Нарын облусунун ишкер чөйрөлөрүнүн Кытайдын жана Казакстан, Россия, Беларусь Республикасынын ишкер чөйрөлөрү, инвестициялык фонддор, чет мамлекеттердин элчиликтери жана эл аралык уюмдар менен эл аралык байланыштарды активдештирүү жана региондун экономикасына инвестицияларды тартуу үчүн түз байланыштарын уюштуруу. Ошондой эле, ата-мекендик жана чет элдик инвесторлорду тартуу менен тоолуу регионду экономикалык жактан өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду турмушка ашыруу, калкты иш менен камсыз кылуучу жаңы ишканалардын соода–экономикалык байланышын чыңдоо, ошондой эле бир катар социалдык проектилерди ишке киргизүү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий