• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын университетине чет элдик студенттер мыйзамсыз кабыл алынган

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Нарын мамлекеттик университетинде 2020-2021 жана 2021-2022-окуу жылдарында чет элдик студенттерди кабыл алуу, которуу жана окутуу тартибин одоно бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, университеттин жетекчилиги кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү менен сүйлөшүп алып, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, өлкөнүн билим берүү тармагындагы мыйзамдарынын талаптарына карама-каршы келгендигине карабастан чет өлкөлүк студенттерди (2020-жылы 414, 2021-жылы 679 студент ) кабыл алган.

УКМКдан белгилешкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттер кирүү экзаменин тапшырбагандыгы, студенттерди кабыл алуу боюнча буйруктар эски мөөнөт менен чыгарылгандыгы аныкталды. Ошондой эле чет өлкөлүк студенттердин көпчүлүгү Кыргызстандын аймагында узак убакыт бою жок болуп, 2 семестрге арналган сабактар 1 семестрде өткөрүлгөн.

Жогоруда УКМК тарабынан аныкталган мыйзам бузуулар Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясынын корутундусу менен тастыкталган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында Нарын мамлекеттик университетинин Э.Б., Н.Ч., К.Г. жана А.Э. аттуу жооптуу кызматкерлерине КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү, 346-беренесинин 1-бөлүгү жана 348-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып тагылды.

Кылмыш ишинин материалдары сот органдарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий