• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарын: Ымыркай кезинде ата-энесинен ажыраган Тахмина президенттен белек алды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылындагы Ж. Сатылганов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Талантбек кызы Тахмина Кыргыз Республикасынын президентинен ноутбук белекке алды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысынын белегин облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов жеринде барып тапшырды.

"Тахмина 9 айында ата-энесинен ажырап, таенеси Жаныбекова Бактыгүлдүн карамагында калган. Ошондон бери таенеси менен жашайт. Тагдырдын оор сыноосуна туш болгонуна карабай, Тахмина мектепти жакшы бааларга окуп, коомдук иштерге активдүү катышат. Ал 2019-жылы Кыргыз Республикасынын президентине кайрылуу жазган. Өлкө башчысы анын өтүнүчүн орундатып, ноутбук белек кылды. Тахминанын жашаган үйүн көргөн ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкулов үйүнүн чатырын жаптырып берүүнү убада кылып, канча каражат жумшалаарын тезинен тактоону жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырды. Ошондой эле Тахминага өзүнүн майрамдык белегин ыйгарды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий