• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Нарын, Жалал-Абад жана Бишкектен 183 медик Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Кечээ, 3-сентябрда медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жолу инфекция очокторунда өз өмүрүн тобокелге салган Нарын жана Жалал-Абад облустарынын, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери эс алууга жолдомо алышты. Алар "Эне Сай" пансионатында 7 күн эс алып кайтышмакчы.

"Аталган иш-чаралар президент С. Жээнбеков саламаттыкты сактоо тутумунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунан кийин мерчемделген иш-чаралардын алкагында КР өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий