• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарын жана Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Нарын жана Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Нарын облусунда күн мурун, 23-апрелде саат 14:37де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын районунун Достук айылында 3 балл, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа айылдарында 2,5 балл, Куланак, Ак-Жар, Ылайлы-Суу, Шоро айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле бүгүн, 24-апрелде саат 01:44тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кадамжай районунун Кызыл-Коргон, Өтүкчү, Сары-Өтөк айылдарында 2,5 балл, Совет айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий