• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Нарын жана Челябинск шаарлары хоккей аркылуу туугандашат

Коом 0

Бишкек, 06.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстан жана Россия Нарын жана Челябинск шаарларынын ортосунда боордоштук алакаларды түзүү Келишимине кол коюуну пландашууда. Бул тууралуу КР ЖӨБ Союзунун аткаруучу директору Өмүрбек Алманбетов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

Ал бул келишимди түзүү биз өзгөчө жакшы көргөн жана эки шаарда өнүккөн хоккей түрткү болгонун айтты.

“Россия шаарларынын Союзунун президенти Станислас Машаров да хоккей ойночу. Ал Кыргызстанга сапарынын алкагында Нарындын командасы кандай ойной турганын көргөн. Бул Нарын жана Челябинск шаарларын жакындатууга түрткү болду”, - деп айтып берди Алманбетов.

Анын айтымында, 11-12-апрелде Бишкекте өтө турган V Эл аралык мыкты муниципалдык тажрыйбалар форумунун жүрүшүндө КР жана РФ делегациялары Ош, Кызыл-Кыя, Каракол, Каракөл, Балыкчы, Кара-Балта жана Токмок шаарлары үчүн мындай келишимдерге кол коюуну талкуулоону пландап жатышат.

Маалымат: Боордош шаарлар – ортосунда туруктуу достук байланыштар түзүлгөн шаарлар.

Шаарлардын кызматташуусунда делегациялар, шаарл жашоосу тууралуу көркөм жана спорттук жамааттар, көргөзмөлөр, адабият, кинотасмалар, фото материалдар менен жана шаар чарбасын жүргүзүү боюнча тажрыйба тууралуу маалымат алмашуу камтылган.

Пикир

Оставить комментарий