• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын жана Талас облусунун башчылары кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Аталган маалыматты өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы ырастады.

Ошондой эле жеке булактардан белгилүү болгондой, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов да кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Азырынча өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматына байланышууга мүмкүн болгон жок.

Пикир

Оставить комментарий