• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы тренерлер үчүн окутуулар аяктады

Билим 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы тренерлерге окутууларды өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окутуулар министрликтин 2021-жылга карата иш планын аткаруу максатында өткөрүлүүдө. Алар мектепке чейинки билим берүү тармагын каржылоонун эффективдүүлүгүн жогорулатууну, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, башкармалыктардын адистеринин компетенттүүлүгүн кеңейтүүнү көздөйт. Тренингдер ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен өткөрүлүп жатат.

Тренингдин катышуучулары учурдагы мектепке чейинки билим берүүнү каржылоону талкуулашты. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар мектепке чейинки билим берүүнү бюджеттик пландаштыруудагы көйгөйлүү жерлерди аныктоо максатында анын анализи менен таанышты. Муну менен катар, мектепке чейинки билим берүүнү бюджеттик каржылоонун перспективалары, ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнү каржылоонун эффективдүүлүк көрсөткүчтөрү жана натыйжалуулук индикаторлору аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий