• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарын жана Ысык-Көл облустук сотторуна дайындалган судьялар ант беришти

Коом 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева жана Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары Гулкайыр Алиева, Медер Жаныбеков, Айбек Молдакунов жана Мира Шамбетова, ошондой эле Президенттин № 78- Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Нарын облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттун судьясы Алдаярбек Абдыбеков салтанаттуу ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын дайындалган судьялары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы ант берген күндөн тартып башталат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Нарын жана Ысык-Көл облустук сотторуна дайындалып судьялык кызматка кайрадан киришип жатышкан судьяларды куттуктап ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий