• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарын: Жол коопсуздук кызматкерлери дарыгерге чейинки жардам көрсөтүүнү үйрөнүшүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.12.17. /Кабар/. Нарын ОИИБнын жол коопсуздук кызматкерлери жол кырсыгынан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүшүүдө. Бул тууралуу Нарын облусунун ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер жол кырсыгына кабылгандарга жардам көрсөтүүнүн негизги усулдарын үйрөнүшөт.

Окуу Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому менен КР ИИМнин ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын башкы максаты жол кырсыгынан каза болгондордун санын кыскартуу.

Башкы патрулдук милиция башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2017-жыл ичинде 719 жол кырсыгы катталган.

Билдирүүдө айтылгандай, эки айлык окуунун соңунда патрулдук милиция кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүү боюнча тест тапшырышат.

Пикир

Оставить комментарий