• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында 10 миң 58 үй-бүлө гуманитардык жардам алды

Аймак 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Нарында 10 миң 58 үй-бүлө гуманитардык жардам алды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунда жардамга муктаж жалпы 18 миң 542 үй-бүлө бар. "Соцөнүтүрүү министрлигинин каттоосунда өтө жакыр 7 миң 90 үй-бүлө турат, ал эми жакыр 11 миң 452 үй-бүлө бар. Алардын ичинен 10 миң 58 үй-бүлө жардам алды. Дагы 8 миң 484ү жардам ала элек", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий