Нарында 11 миң 293 орто жакыр үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди

Аймак 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Нарында 11 миң 293 орто жакыр үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Анын айтымында, облуста жалпы 18 миң 542 орто жакыр үй-бүлө бар.

"Калган 7 миң 249 үй-бүлөгө жардам берилет. Ал эми күнүмдүк иштеп, акча тапкандардын саны 5 миң 843 үй-бүлө болсо, 4 миң 666 үй-бүлө жардам алды. Жардамдар коомдук уюм, бейөкмөт уюмдардан да келүүдө", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий