• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Нарында 150 окуучуга ылайыкташтырылган жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Арсы айылындагы 150 орунга ылайыкташкан билим уясы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мектептин ачылышына министр Каныбек Исаков катышып, окуучуларды жакшы билим алууга үндөп, курулушка салым кошкон демөөрчүлөргө, жергиликтүүлөргө ыраазычылыгын билдирди.

Арсы орт мектебинин мурдагы имараты ашар жолу менен 1960-жылы курулган. 2016-жылы Кочкор райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан мектеп авариялык абалда деп табылган.

Жаңы мектептин курулушу “Ассанабилл” кайрымдуулук фондунун программасы менен өткөн жылы ноябрь айында башталып, фонд тарабынан 120 миң, Кувейт мамлекетинен 100 миң АКШ доллары бөлүнгөн. Жергиликтүү ишкер Эркин Дегенбаев 20 миң доллар өздүк салым кошкон. Мындан сырткары жергиликтүү бийлик 250 миң, Кочкор коомунун өкүлү 260 миң сом кошумча каражат берген.

Мектептин ашканасы 60 орунга мерчемделген.

Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Арсы айылында 145 түтүндөн ашык эл жашайт. 2019-2020-окуу жылында Арсы орто мектебине 138 окуучу билим эшигин аттады.

Пикир

Оставить комментарий