• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарында 16 күндөн бери изделип жаткан карыянын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Нарында 16 күндөн бери изделип жаткан карыянын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан Нарын шаарынын 80 жаштагы Т.Ж., аттуу тургунунун сөөгүн бүгүн, 15-июлда Нарын дарыясынын жээгинен туугандары табышкан.

Буга байланыштуу беш куткаруучу тартылып, адамдын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.

Эске салсак, 80 жаштагы карыя үйүнөн кечинде чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Аны издөө учурунда кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган. Мындан улам куткаруучулар туугандары менен биргеликте бир нече топторго бөлүнүп, дарыя жээктеп издешкен.

Пикир

Оставить комментарий