Нарында 20 күндөн бери дайынсыз болгон пенсионер аял изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Нарын облусунда 31-августтан бери дайынсыз болгон 77 жаштагы пенсионер аял изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 77 жаштагы Ак-Жар айылынын Ш.Б. аттуу тургуну 31-август күнү жоголгондугу тууралуу маалымат 17-сентябрь күнү келип түшкөн.

Кечээ, 19-сентябрь күнү издөө иштери жүрүп, ага 5 куткаруу, 5 милиция кызматкери жана 5 жергиликтүү тургун тартылган.

Бүгүн издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий