• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында 5 миң 544 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү - Молдокадыров

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Нарында 5 миң 544 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров билдирди.

Анын айтымында, Нарын шаарына өкмөт тарабынан 2 млн 615 миң 200 сом өлчөмүндө гуманитардык жардам бөлүнүп берилди. Анын 1 млн 615 миң 200 сомун өкмөт бөлсө, калган 1 млн сому, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча ачылган атайын эсептен которулган.

“Өкмөт тарабынан 3 миң 269 үй-бүлө гуманитардык жардам алса, ал эми демөөрчүлөр тарабынан 2 миң 275 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү”, - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий