• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Нарында 7-апрель – Элдик революция күнүнө карата эскерүү акциясы уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. 2017-жылы 5-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен Элдик революция күнүнө карата шейит кеткендерди эскерүү акциясы уюштурулду. Анда Нарын шаарындагы жаштар уюмдарынын активдүү мүчөлөрү тарабынан Нарын шаарындагы Тянь-Шань паркында орун алган 7-апрель окуясында курман болгон жарандардын эстелигинде куран окулуп, ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.

Акциянын негизги максаты болуп мамлекеттин келечеги үчүн курман болгон эр-азаматтарды унутта калтырбай, эмгегин баалоо, жаштарды мекенчилдикке үндөө, эли-жерин сүйүүгө тарбиялоо жана жаш муундарга үлгү көрсөтүү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий