• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алган - Алымкулов

Аймак 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Нарында 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусунда жалпы 68 жаран коронавирус жуктурган. "Жумгал районунда 3, Ат-Башы районунда 4 медкызматкер коронавирус жуктуруп алган. Нарында илдетти жуктуруп алгандар менен 666 адам байланышта болгон. Алардын баары тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Ал эми үй карантининде 1 миң 149 адам жатат", - дейт ал.

Алымкулов кошумчалагандай, Бишкектен Нарынга 14 дарыгер келип, Ат-Башы жана Жумгал райондорундагы ооруканада иштеп жатат. "Облус боюнча вирустан 6 жаран айыкты, дагы бирөө бүгүн ооруканадан чыгарылат", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий