• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Нарында 712 муниципалдык жана 1063 мамлекеттик кызматкер иштейт

Аймак 0

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 23-июнунда, Нарын облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнү белгиленди. Бул тууралуу облустагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов салтанатта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Ким кайсы жумушту аткарбасын чындыгында баарыбыздын кылган ишибиз бир максатты көздөйт - ал элге кызмат кылуу. Мамлекеттик системада ар бирибиздин ордубуз өзгөчө. Анткени, ар бир өзгөрүүлөр, өсүштөр жалпыбыздын ишмердүүлүгүбүзгө көз каранды. Андыктан, ар бириңиздер чың ден-соолукта болуп, алдыга койгон максаттарыңыздар, аруу тилектериңиздер ырааттуулук менен ишке ашуусуна тилектешмин. Аткарган ишиңиздер элибиздин бакубат турмушуна арнала берсин,”- деп каалоо-тилектерин жолдогон соң, облустун социалдык-экономикалык өсүшүнө жигердүү салымын кошкон кызматкерлерге облустун Ардак грамотасын жана баалуу белектерди тапшырды.

КР Мамлекеттик кадр кызматынын Ысык-Көл, Нарын аймактык башкармалыгынын жетекчиси Нуркул Алдаяров куттуктоо кезегин алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы эмгек алдыңкыларына «Мамлекеттик кызматтын отличниги», «Муниципалдык кызматтын отличниги» төш белгисин жана КР Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасын тапшырды.

Эске салсак, учурда облуста 712 муниципалдык жана 1063 мамлекеттик кызматкер иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий