• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нарында 99 турак үй сел калдыктарынан тазаланды - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Нарын шаарында 99 турак үй сел калдыктарынан тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Нарын облусунун Нарын шаарында 2020-жылдын 3-июнь күнү саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Чоң-Нарын каналынан ашып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан 111 турак үйдү каптап, анын ичинен 56 турак үйдүн ичине жана короосуна, 50 турак үйдүн короосуна, 3 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүнө сел суулары кирген. 5 турак үй авариялык абалга келген. Ошондой эле көчөлөрдү жана ички чарбалык унаа жолдорду кум шагылдарга толтурган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Тазалоо иштерине куткаруучулар жана 4 даана техника тартылган, жумуштар уланууда.

8-июнь күнү куткаруучулар 8 турак үйдүн короолорун тазалап беришкен. Ошондой эле тартылган күчтөрдүн аракетинде сел суулары каптаган көчөлөрдү, ички чарбалык жолдорду шагыл таштардан тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары, 6-июнь күнү КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан турак үйү авариялык абалга келген жаранга 1 мобилдик турак үй (1 бөлмөлүү) бөлүнүп берилген.

3-июндан 9-июнга чейин жалпы 99 турак үй сел калдыктарынан тазаланган, жумуштар уланууда.

Пикир

Оставить комментарий